Депутат Акылбек Жапаровдун отставкадагы аскер кызматкерлеринин пенсиясы тууралуу кеп кылганына ардагерлер каршы чыгышты. Алар пенсиясына кошулчу кошумча төлөмдөрдүн алынышына каршылыктарын билдирип, 11-декабрда митингге чыгышаарын жарыялашты. Бул боюнча аталган күнү саат 10.00дө "Ала -Тоо" аянтында митинг болоору тууралуу Бишкек ШИИБине кабарлашкан. 

Акылбек Жапаров өзүнүн сунушун соцтармакта чечмелеп берди. Ал отставкадагы аскер кызматкерлеринин пенсиясын азайтуу жөнүндө айтпаганын белгиледи. 

"Урматтуу достор, мен бүгүн аскерде кызмат өтөгөндөрдүн пенсиясы тууралуу теманы ачыктап кеткем келип турат.

Сиздин ак эмгек менен иштеген пенсияңызды алып койгонго эч кимдин укугу жок, жана мындайга жол берилбейт. Пенсиялар буга чейин да төлөнүп келген жана мындан кийин да төлөнөт. Менин буга чейинки айткан сөзүмдү туура эмес түшүнүп алгандар болду. Мен пенсиялык фонд, алдыда турган кыйынчылыктар, реформанын канчалык зарыл экени жана мугалимдерге төлөнүүчү пенсиянын көлөмүн жогорулатуу тууралуу айткан элем. Бирок аскерде кызмат өтөгөндөрдүн пенсиясын азайтуу, жеңилдиктерден ажыратуу же кошумчаларды кыскартуу тууралуу эч кандай сөз болгон эмес", - деп жазды Жапаров.