АКШдагы Time журналы 2020-жылды адамзаттын тарыхындагы эң жаман жыл деп атады. Журнал “...тарыхта өтө оор, жаман жылдар болгон. Бирок бүгүн жер үстүндө жашап жаткандар 2020-жылды башка жылдар менен салыштыра албайт. Сиз Биринчи дүйнөлүк согуштагы кыйроолорду, 1918-жылдагы пандемияны  көрүү  үчүн  100дөн ашкан болушуңуз керек, Улуу депрессиянын эмне экенин билүү үчүн кеминде 90 жашта болушуңуз керек, Экинчи дүйнөлүк согуштун кесепеттерин эстөө үчүн 80де болушуңуз зарыл”, - деп жазды. 

Журналдын белгилөөсүндө, бүгүн жашап жаткандардын дээрлик көпчүлүгү быйылкыдай оор жылды баштан өткөргөн эмес. Дүйнө жүзү боюнча 1,5 млн. адам көз жумуп, жүз миллондогон адамдар ооруга чалдыгып, өлүм менен күрөштү.

Булак: “Майдан. kg” гезити