Бийликтен кеткен президенттердин “экс” макамы калат. Бирок макам менен кош берилчү бир топ привилегиялар алынып салынат. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин “Мамлекеттик бийлик бутактары” секциясынын башчысы Болот Токтобаев билдирди.
Анын айтымында, “экс” приставкасы мурдагы дегенди билдирет. Ошондуктан, макам калтырылат. Бирок Конституция менен мурдагы президентка каралган привилегиялар, кепилдиктер жок кылынат.
Буга чейин бийликтен кеткен президенттен “экс” макамы алынышы керектиги, экс-президентке жеңилдиктерди берүүдө өлкөнүн бюджетине күч келип жаткандыгы айтылган.
Конституцияга “экс” макам боюнча өзгөртүү киргизилсе, ал мындан аркы экс-президенттерга карата гана иштейби? Же Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековго карата да иштейби? Бул тууралуу азырынча белгисиз.
Булак: “Майдан. kg” гезити