Айтылуу Раимбек Матраимов “Коррупция” беренеси боюнча кармалып, кылмыш иши козголуп, бирок ал мамлекетке 2 млрд. сомду кайтарып берем деген убада бергендер кийин коё берилген. Бирок анын иши боюнча ачык айкындык болбой жаткандыгы тууралуу “Кактус” маалымат булагы жазып чыкты. Аталган маалыматтык сайт төмөнкүдөй суроолорго качан жооп берилерин жазды:
- Кайсы документтин негизинде Р. Матраимов төлөмдөрдү жүргүзүп жатат?
- Макулдашууну аткарбаган Р. Матраимовго карата кандай санкциялар колдонулат?
- Эгерде 2 млрд. сомду кайтарбаса, Матраимовго кандай чаралар көрүлөт?
- Р. Матраимов чыгарып кетти деген 700 млн. доллардын калганы кантип өндүрүлөт?
- Ал С.Жапаровдун экономикалык мунапысына кириптер болобу?
- Матраимовдун иши боюнча дагы кимдер кармалды?
- Бул иш боюнча сот болобу?
- Сот иштери ачык жүргүзүлөбү?
- Райымбек Матраимовдун чек аралардан товарларды өткөрүүгө таасири бар экендиги аныкталдыбы?
- Райымбек Матраимовдун иши боюнча ММКлардын иликтөөлөрүнө качан баа берилет?
Булак: “Майдан. kg” гезити