Россиянын Федерация Кеңеши мигранттар үчүн орус тилинен экзамен алуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Документке ылайык, эми мынданы ары мигранттардан орус тили, Россиянын тарыхы, Россиянын мыйзамдык негиздери боюнча комплекстүү түрдө экзамендер алына баштайт. Экзамендин жыйынтыгы менен атайын сертификаттар берилет. Сертификат мигранттын жумушка орношуу, убактылуу жана туруктуу жашоосу үчүн документтерди тапшырууда эске алынат. Андыктан Россияга барып жашап, иштейм деген мекендештерибиз орус тилин үйрөнүүгө маани беришсе ашыкча болбойт.
Булак: “Майдан. kg” гезити