Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун маалында “айрымдар” кадрдык маселелерди чечишип, кээ бир тармактарга таасирлерин арттырышып, өз билгендерин кылышты. Алардын арасында С. Жээнбековдун мурдагы жардамчысы, кийин президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп турган Алмамбет Салиев да бар. Буга чейин айтылып, жазылгандай, А.Салиев күч түзүмдөрүнүн ишмердигин координациялап, бул системадагы кадрдык маселелерди чечип турган. Ал гана эмес, убагында ММКларга анын бизнес объекттерге  бийликтин күчүн пайдалануу менен  рейдерлик кылып жаткандыгы айтылган. Алардын баарын айтып отурбайлы, өлкөдөгү курулуш компаниялардын бирин тартып алууга катуу аракет кылып, компаниянын жетекчисинин “ыйлактап” жүргөнү коомчулукка ачыкка чыккан эле.

Ушул ж.б. өзүм билемдик иштери үчүн Алмамбет Салиев мыйзам чегинде жооп береби? Бүгүнкү коррупцияга менен күрөшүүнүн укуругу мурдагы бийликтин тушундагы “серый кардиналдарды” кыйгап өтпөшү керек.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити