Шумдугуң кургурлар! Коррупция менен күрөшкөн сайын коррупция күч алчу болду. Ош облусундагы айрым аткаминерлердин 10 млн. сомдук трансформаторду 82 млн. сомго пулдап, 70 млн. сомду капчыкка урушканына кандай баа берүүгө болот?

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан маалым болгондой, “Э” ААКсы менен Ош облустук капиталдык курулуш башкармасынын ортосунда Кең-Сай жаңы конушун электр жарыгы менен камсыз кылуу боюнча 200 млн. сомго  келишим түзүлгөн. “Э” башкы подрядчик катары “С.Т.” ЖКЧсы менен келишим түзүп, аталган субподрядчик жабдыктар менен камсыздап, курулуш иштерин жүргүзүүгө милдеттеме алган. Андан кийин “С.Т.” ЖЧКсы эки трансформаторду 82,6 млн. сомго орноткон. Бирок трансформаторлордун чыныгы баалары 10 млн. сомду түзгөн. Көрүнүп тургандай, трансформаторлордун баалары 8 эсеге кымбаттатылып, ортодон 73,4 млн. сомду мойсошкон.

Мындай коррупциялык ишти ишке ашыргандар мыйзам чегинде өз жазаларын алып, капчыкка кымыргандары өлкө казынасына  кайтарылсын!

 

Булак: “Майдан. kg” гезити