Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 15 жаштагы манасчы Үмөт Дөөлөтовдон: "Манас баатырдын доорундагы улуттук дөөлөттөрүбүздү азыр жоготуп алганыбыздын себеби эмнеде деп ойлойсуң?" - деп сурады.
А манасчынын жообу мындай болду:
"Манас ата жашаган доордо кыргыз эли ээлеген жер өтө кең эле. Ошону үчүн элибиз жакшы болгон. Кийин жерибиз тарыды, көп жер сатылып кетти. Жери тарыганда элдин пейили да бузула баштады".