Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, Кытай карыздын төлөө убактысын 4 жылга узартууну сунуштаган.

“Кытай үстөктү 2% деп белгилөөнү сунуштап жатат. Жалпысынан ал өкмөт тарабынан белгигенген чендерден ашпайт. Ошондо 2,9 млрд сом ашыкча төлөнөт”, - деди ал.

Новиков Кыргызстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайдан алынган айтып, башка өлкөлөрдөн алынган карыз өтө көп эмес экенин белгилеп өттү.

Булак: Кабар