Бул маалыматты бүгүн, 24-ноябрда КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, буга мурунку башчы Жайнак Үсөн уулу кызматына кайтаруу тууралуу Ленин райондук сотуна жазган доо арызы себеп болгон. Сынак соттун чечими чыкканга чейин өткөрүлбөшү керек.
Жайнак Үсөн уулу кызматын тапшыруу тууралуу 6-октябрда арыз жазганы жарыяланган. Андан кийин КТРКнын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Бактияр Алиев келген.
Башкы директорлук кызматка 15 талапкер документтерин тапшырып, баары 2-турга өткөн болчу.
Алар:
1. Алиев Бахтияр Жеңишбекович
2. Босумбаев Сураган Раимбекович
3. Дюшалиев Сталбек Бекжанович
4. Казакбаев Замир
5. Күлбаев Үсөн Асанбекович
6. Кошалиев Кадырали Амиракулович
7. Кыязов Эрнс Абибилаевич
8. Мамбетөмүрөв Дүйшеналы
9. Мукарамов Шайырбек Эркинович
10. Окенова Ырыс Океновна
11. Султанбаев Абдыкадыр Дарданович
12. Тайтекев Калыбек Рысбекович
13. Тиллебаев Болотбек Кочкорович
14. Токторов Алим Абдинабиевич
15. Турдалиев Айбек Чыныбекович
Булак: Баракелде