«Тёплые Ключи» санаторийинин аймагынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду, деп билдирди 21-ноябрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, 21-ноябрда болжол менен саат 13:00 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин жансыз денеси асылып тургандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Ал жерге барган ыкчам тергөө тобу жансыз денени Аламүдүн капчыгайындагы «Тёплие Ключи» санаторийинин аймагынан тапкан. Белгисиз адамдар анын буттарын, колдорун байлап, оозун скотч менен чаптап, мойнуна аркан салып, даракка илип коюшкан.
«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Маркумдун өздүгү азырынча тактала элек», - деди милиция кызматкерлери.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду.
Булак: Баракелде