19-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Жолугушууда министр Казакбаев Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун саламын жеткирди. Ал ошондой эле өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, кыргыз тарап мурда кабыл алган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди аткаруу милдеттемесин улантарын тактады.
Руслан Казакбаев Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы мамлекеттик чек аралардагы маселелерди чечүүгө кызыкдар экенин белгилеп, кыргыз-тажик чек арасындагы талаш тилкелерди тактоону эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн делегацияларынын деңгээлинде тездетүүнү өтүндү.
Булак: Элгезит