Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык билим берген окуу жайларынын ичинен Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын, Ош мамлекеттик университетин, Кыргыз-Орус (Славян) университетин жана Эл аралык жогорку медициналык мектебин кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында (pmc.gov.pk) кабарланды.

Анда бул төрт окуу жай дүйнөнүн 400дөй университетинин катарында жашыл тизмеге киргени көрүнүп турат. Бул комиссия аларды кайрадан баалоодон өткөрүп, тааныгандыгынан кабар берет.

Ошол эле учурда Кыргызстандын дагы 12 окуу жайы кара тизмеде калды. Ал тизмеде башка өлкөлөрдүн билим берүү мекемелери жок.

Булак: Элгезит