Бүгүн, 6-ноябрда Бишкекте борбор калаанын “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасы уюштурган уникалдуу долбоордун алкагында сүрөт көргөзмөсү ачылат.

“Жан кирген сүрөттөр” аттуу иш-чарада бул мекеменин жумушчуларынын концерттик программасы да тартууланат.

Долбоор Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейи менен биргеликте уюштурулган. Бишкекти жашылдандыруу иштерин аткарган, бак жана гүл тигип, аларды баккан жумушчулар белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектериндеги каармандардын образында фотосүрөткө түшүшкөн. Бүгүнкү көргөзмөгө ошол сүрөттөр коюлат. 

 "Жан кирген сүрөттөр" долбоорунун катышуучулары.

Булак: Азаттык