Бюджетти толтуруу, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү оорлошуп бараткан чакта тышкы карыздардын негизги суммаларын төлөөнүн мөөнөтү жакындап, «бечелге жөтөлдүн не кереги бар эле…» дегендей абалга кептелдик.
Буга чейин айтылып, жазылгандай, тышкы карыздарды төлөөнүн пик убагы 2021-2022-жылдарга туура келет. Каржы министрлиги келерки жылы тышкы карызды төлөөгө канча каражат каралганы боюнча маалымат берди. Анда айтылгандай, 2021-жылы тышкы карызга 35 млрд. 349,9 млн. сомду жумшоо пландалууда. Тышкы карызга – 10 млрд. 998,5 млн. сом болсо, ички карызга – 15 млрд. 351 млн. сом каралууда. Негизги сумма – 15 млрд. 821 млн. сомду түзсө, 9 млрд. 528 млн. сом пайыздары болуп эсептелет.
Маалымат үчүн айта кетсек, өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын жабууга 32 млрд. 821 млн. сом жумшалган. Пандемиялык абалдан улам ушул жылдын 2-кварталынын аягында мамлекеттик карыздын өлчөмү 8,5 млрд. сомго көбөйдү.
Булак: "Майдан.kg" газетасы