Пандемиядагы локдаундук чаралардан улам бюджеттин жетишпестиги 25 миллиард сомду түзгөн. Ага октябрдын алгачкы декадасындагы тополоңдордогу жоготуулар кошулуп, таңсыктык жогоруда аталгандай суммага жетти. Абал оңолбосо, таңсыктык дагы өсүүсү  мүмкүн. Мында Россия баштаган айрым мамлекеттердин бюджетти колдоо боюнча жардамдарын убактылуу  токтотушкандарын эске алсак, өлкөбүздүн каржылык абалы чындап эле оор экендиги анык болот.

Тилекке каршы, “какаганга  муштаган” болуп, октябрдын башталышындагы тополоңдордо бюджет түзүүчү бир катар тоо -кен ишканалары да өрттөп, тоноолордон, жергиликтүү калктын ар кандай ультиматумдук талаптарынан улам өз иштерин токтотуп коюшту. Азыр алтын, жез, күмүш өндүргөн “Жерүй “, “Бозумчак”, “Вертекс Голд Компани” ЖЧКсы, “Терек-Сай”, Иштамберди, Сол жээктеги Талдуу-Булак, Чаарат, Кичи Чаарат  тоо- кен ишканалары бир айдан бери иштебей токтоп турушат. Кампасы, кымбат баалуу техникалары, жабдуулары өрттөлгөндөн улам Жерүйдөгү “Альянс Алтын” компаниясы 15-20 миллион долларлык, “Аджи Сервис” ЖЧКсы 2 миллион долларлык чыгымга учурады. Жогоруда аталган ишканалардын иштебей токтоп тургандан улам күндүк жоготуулары жүздөгөн миллион сомдорду түзүүдө. Демек, алардын казынага милдеттүү салыктары, төлөмдөрү да түшпөй жатат. Мындай тагдыр чечүүчү оор убакта жергиликтүү саясатчылар баштаган топтордун алардын өз иштерин улантканга мүмкүндүк бербей жатуусу - элге, мамлекетке жасаган эң чоң кыянаттык болууда. Эгерде жогоруда аталган тоо- кен ишканалары жаңы жылга чейин иштебей токтоп тура берсе, бюджеттин киреше бөлүгү дагы бир нече миллиард сомго азайганы турат. Азыр айтылып, жазылып жаткандай, айрым тоо кен ишканалары өз өндүрүштөрүн консервациялап, негизги фондуларын чыгарып кетишсе, же башкаларга сатып жиберишсе, ал үзгүлтүк жазга чейин уланып, өлкөбүздүн бюджети дефолттук абалга жакындап калышы мүмкүн болуп баратат. 

 “Бозумчак” комбинаты иштей баштагандан тартып, ал жердеги Көк-Таш айыл аймагы дотациядан чыгып, мектеп, ФАП, көпүрө сыяктуу социалдык обьектилерди куруп, акыркы үч-төрт жылдан бери бюджети профицит менен жыйынтыктала баштаган. Ишкана Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна жыл сайын 300 миллион сомдон которуп турчу. Комбинаттын бир жетекчиси жергиликтүүлөр тарабынан катуу сабалгандан кийин    компаниянын бир катар адистери, жетекчилери Кыргызстандан биротоло чыгып кетишти. Калгандары да Россиядагы, Казакстандагы компаниялардан иш издеп жатат дешет. Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыковдун айтымында, мындай көрүнүштөр калган тоо -кен ишканаларына да мүнөздүү болуп саналат. Эгерде комбинат чындап эле консервацияланса же имиш болуп жаткандай кытайлыктарга сатылып кетсе, Көк-Таш айыл аймагы баягы таз кейпин кийип, өз алдынча социалдык обьектилерди курмак түгүл, кызматкерлерине айлыктарын убагында бере албай, кайрадан дотацияга  түшүп, республикалык бюджеттин мойнуна илинет. Жергиликтүүлөрдүн “Бозумчак” компаниясына талаптарынын мазмуну эмнеде? Комбинатта бардыгы болуп 500дөй адам иштесе, алардын 100гө жакыны жергиликтүүлөрдөн экен. Эми алар башка облустардан түгүл, Ала-Буканын башка айылдарынан да эч кимди албай, Чаткал, Аксы сыяктуу чектеш райондордон келип иштеп жаткандардын да бардыгын кубалап, жалаң көкташтыктарды гана жумушка аласыңар деген талап коюп жатышыптыр.Андай заманбап комбинаттын жооптуу цехтерин  тийиштүү билимдери, көп жылдык  тажрыйбалары бар адистер, дасыккан жумушчулар гана иштете алыша тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Алардын баарын болбосо да көбүн кетирип, жергиликтүү жолдорду чаңытып, терезе талкалагычтарды жумушка алышса, анда комбинаттын абалы кандай болот? Көчө чаңыткычтар кымбат баалуу чет элдик өндүрүштүк линияларды, техникаларды иштете алышабы? Эгерде алар бузулса, ким оңдойт? Компаниянын ээлери өз өндүрүштөрүн андай колдорго салып бергенден көрө консервациялаганды же биротоло сатып жибергенди артык көрүшөрү кимге деле болсо түшүнүктүү болуп турбайбы. 

Буга өзгөчө токтолгонубуздун себеби, жогоруда аталган башка тоо кен ишканалары да ушундай себептерден, айрым ОПГлардын опузаларынан улам токтоп турат. Мындай көрүнүштөр улантыла берсе, Кыргызстанга акыл-эси ордунда турган бир да инвестор келбейт. Ошондуктан, мүмкүн болгон жерлерде жергиликтүү, борбордук  бийликтегилер эл менен сүйлөшүп, компромисске келип, инвесторлорго кепилдиктерди берип, тоо- кен ишканаларынын иштерин тезирээк жандандыруу  зарыл. Радикалдык ультиматумдук талаптардан кайтпаган жерлерде бийлик өз күчүн көрсөтүүсү керек. Бийлик ошон үчүн: мыйзамдуулукту, тартипти сактап, коргоо үчүн элдин эсебинен кармалат, багылат. Чечүүчү учурда чечкиндүү аракеттер талап кылынат. Антпесе дефолттун карааны жакындап келатат. Колубуздагы инвесторлордун коопсуздуктарын камсыз кыла албай жергиликтүү чаар баштардын ур-токмокторуна кабылтып качырып жиберсек,бизге мындан ары бир да инвестор келбей коюушу толук мүмкүн.

Булак: "Майдан.kg" газетасы