-Турсунбек агай, Кыргызстанга конституциялык реформа керекпи?
-Кыргызстанга аба менен суу кандай керек болсо, конституциялык реформа да так ошондой керек. Анткени, биздин Конституция шашылыш эмес фундаменталдуу түрдө 2010-жылы кабыл алынган. Эки жарым үч айга чейин конституциялык жыйын болуп, чоң талкуудан соң Конституция кабыл алынган. Конституциялык жыйындын башында Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев турган. Ал жыйын демократиялык нукта өтүп, бардык эксперттер, саясатчылар, журналисттер, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Ош окуясы болуп жатканда дагы ал талкуу токтогон эмес. Ошондой эле, 2020-жылга чейин ал Конституция 10 жылга чейин өзгөртүлбөсүн деген мораторий жарыяланган чечим кабыл алынган. Тилекке каршы, ал Конституцияны 2016-жылы Алмазбек Атамбаев тараптан өзүм билемдик менен өзгөртүлгөн. Конституция өзүм билемдик менен өзгөртүлгөнү үчүн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бири бири менен чабышып, Текебаев камалып, кыскасы жагымсыз окуялар менен коштолгон.
2020-жылдын сентябрь айында 10 жыл мурун жарыяланган мораторийдин мөөнөтү бүттү. Азыр конституциялык реформага мыйзам да, мораторий да жол берет.
Эмнеге конституциялык реформа керек? Анткени, биз президенттик башкарууда жашап жатабызбы же парламенттик башкарууда жашап жатабызбы, белгисиз. Буга чейин жетекчилердин бири да элден кайсы башкарууну тандайсың деп сураган эмес. Жаңы келген президенттин баары эле өзүнүн Конституциясын кабыл алат. Өзүнө ылайыктуу башкаруу формасын түзөт. Ошон үчүн кайсыл башкаруу системасы ыңгайлуу экенин чечип алышыбыз керек. Ошондой эле, партиялык система менен кетебизби же бир мандаттуу башкарууга өтөбүзбү, ушуну да тактап алганыбыз оң. Себеби, партиялык система кыргыздын кыртышына сыйбай, сиңбей койду. Партиялык система партлидерлерди гана байыткан система болуп калды. Ошон үчүн кандай система менен депутаттарды тандап алаарыбызды дагы ойлонушубуз керек. Бир мандаттуу шайлоого өтпөсөк райондун, облустун маселеси чечилбей, эл өкүлдөрү партия үчүн эле иштеп калаарына күбө болдук. Ошон үчүн бир мандаттуу шайлоого да, партиялык система менен да шайлоого бара турган кылып, маселени чечүүнүн жолун табышыбыз керек. Ушул референдум менен Курултай институту керек же керек эмес экенин да чечип алышыбыз керек. Ошондой эле Садыр Жапаровдун бул багытта жасаган иш аракетин толук колдошубуз керек.
-Конституциялык реформа дегенибиз менен 20-декбарда дагы парламенттик шайлоо өткөрүшүбүз керек деген саясатчылар да бар. Бул жагы кандай болуп калды?
-Жакында Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешти шайлоо боюнча конституциялык мыйзам өзгөртүлүп, кээ бир беренелерди токтотуп туруу, парламенттик шайлоолорду жылдыруу боюнча чечим кабыл алынды. 84 депутаттын 83ү макул болду. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ага кол койду. Бул деген парламенттик шайлоо кандайдыр бир мөөнөткө токтотуп туруп, конституциялык реформа өткөрүлөт, андан кийин парламенттик шайлоо болот деп жатат. Парламенттин легитимдүү чечимине карабай кээ бир саясатчылар, саясий партиялардын жетекчилери, юристтер, юрист сөөрөйлөр, кээ бир эксперттер азыркы бийликке каршы чыгышып, бут тосуп жатышат. БШК да буга баш ийбей 20-декабрга парламенттик шайлоону белгилеп салды. Бир- эки коомдук уюм административдик сотко кайрылып, БШКнын чечимин жокко чыгартты. Ошого карабастан бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү жана айрым партиянын лидерлери конституциялык палатага кайрылып, жаңы бийликке бут тосуп иштетпөө аракетин көрүп жатышат. Бул жакшылыкка алып келбейт. Андан көрө конституциялык реформага барып, башкаруу системабызды аныктап алышыбыз керек.
-Баса, сиз уюштурган улуттук диалог аттуу тегерек үстөлдө Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен отставкага кетти дедиңиз. Бирок Феликс Кулов ага күч колдонулду деген пикирди айтып жатат го? Кимиңерге ишенебиз?
-31 -декбрда биз демилге көтөрүп, өткөргөн улуттук диалогдо Феликс Кулов: “Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда биз менен жолукканда кызматтан кетпейм деп айткан. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев менен жолукканда кызматтан кетем деп айтып калды. Демек, ага кысым, коркутуу же кандайдыр бир басым болду. Бул ачыкка чыгышы керек. Эл билиши керек”,- деген ойдо азыркы бийликти күнөөлөдү. Мен ошол эле тегерек үстөлдө: “Урматтуу Феликс Шаршенбаевич, Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин ага жолуктум. Студент кезде чогуу окуган теңтуш, курсташ катары бир саат баарлашып отурдук. Өз каалоосу менен отставкага кеткенин айтты”,- дедим. Ошондой эле: “15 -октябрь күнү Отунбаева эле эмес, мен да кирип чыккам. Мындан ары кандай кыласыз десем, “парламенттик шайлоо өткөнчө иштеп турам” деген. Отставкага кеткенден кийин жолукканымда мурун иштеп турам дедиңиз эле. Эмне үчүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев келгенде кызматтан кетем деп калдыңыз. Сизге эмне коркутуу, үркүтүү болдубу?” - деп сурадым. “Андай коркутуу -үркүтүү болгон жок. Биз тараптан 4 адам, алар тараптан 4 адам катышты. Алар мага урмат -сый менен мамиле кылды. Абал курчуп кетпесин деп өз каалоом менен арыз жазып бердим. Ушуну Турсунбек Акунович элге жарыялап коюңуз”,- деп айтканын айтып, тегерек үстөлдө элге жарыя кылдым. Гезит, сайттарда түрдүү темалар коюлуп, басылып чыгыптыр. Көпчүлүгү Турсунбек Акун Куловдун калпын чыгарды деген мааниде тема коюшуптур. Кулов болсо “Сен жөн эле сүйлөй бересиңби? Телефондон эле сүйлөшкөнүңдү айта бересиңби”, - деп айтып, мен калп айткандай сүйлөп жатат. Мен телефондон эмес, өзүнө барып жолугуп сүйлөшкөм. Ал кишинин өтүнүчү боюнча кайрылуу кылдым. Кулов өзүнүн пикирин айтты. Мен Сооронбай Жээнбековдун пикирин айттым. Ошон үчүн эл Куловго эмес, мага ишениши керек деп ойлойм. Анткени, Кулов Сооронбай Жээнбеков менен да, Садыр Жапаров менен да жолуккан жок. Садыр Жапаров менен Сооронбай Жээнбековдун берген кайрылуулары боюнча чечим чыгарып айтып жатат.
-Курултай институту Конституцияга кирсе, элдик Конституция ишке кирген болобу?
- Элдик Курултай институтун сөзсүз түрдө Конституцияга киргизиш керек. Анткени, кыргыз эли көчкөндө, конгондо, душмандар менен салгылашканда, кыргыз элинин жашоосун аныктаган маселенин баарын элдик жыйын менен чечип келген. Курултай деген элдик жыйын. Курултай кыргыздардын башкаруу системасы. Кеңешүү, сүйлөшүү, өз ара акылдашуу жолу менен маселе чечүү дегенди түшүндүрөт. Афганистанда “Лоя Жырга” деп коет. Монголияда "Улуу Элдик Хурал" деген бирикме иш алып барат. Ал парламенттен да жогору турат. Ал турсун Европада дагы бар. Биз деле Курултай институтун ишке киргизсек, орчундуу маселенин баарын ызы-чуусу жок эле курултайда чечмекпиз.
Төлөгөн Келдибаев, "Тилектештик" партиясынын төрагасы: Бул шайлоодо административдик ресурс иштебейт, эл каалаган жана тандаган адам президент болуп шайланат”
-Төлөгөн мырза, президенттик шайлоо болот дегенден бери президенттик кызматты каалагандардын аттары атала баштады. Бу сапар президенттик кызматты эңсегендерди кандай артыкчылыгына басым коюп тандашыбыз керек?
-Негизи, президент боло турган адамдар коомчулукка белгилүү болуп калды. Алардын басып өткөн жолун, буга чейин аткарган жумуштарын эл билет. Эл кимдин президент шайлаарын шайлоого чейин эле тандап алышты окшойт.
-Эл президент болгусу келгендердин программасына маани береби же дебаттагы сүйлөгөн сөзүнө карап добуш береби?
-Эл президент болгусу келгендердин татыктуулугуна карап баа берет. Бирок мурда өтүп келген шайлоолор таза өткөн эмес, өткөндөгү шайлоодо Өмүрбек Бабанов элдин колдоосу менен көп добуш топтой алган. Бийликтин кысымы, шайлоону бурмалоо, административдик ресурсту колдонуу аркылуу ошол мезгилдеги президент Алмазбек Атамбаевдин каалоосун ишке ашыруу үчүн Сооронбай Жээнбеков президент болгон. Аны Атамбаев да мойнуна алып, мени ошол боюнча жоопкерчиликке тартсаңар болот деп ачык эле айткан жайы бар. Эми боло турган президенттик шайлоо мыйзам чегинде өтөт, административдик ресурс иштебейт. Эл каалаган жана тандаган адам президент болуп шайланат деп ойлойм.
- Неге Өмүрбек Текебаев “президенттикке аттангандардын ичинен Садыр Жапаровдо мүмкүнчүлүк жогору” деди?
-Шайлоого нааразы болгон эл көчөгө чыгып, бийликтен акыйкаттыкты талап кылды. Жыйынтыгында, бийлик алмашууга алып келди, жаңы бийликке эл ичинде кадыр-баркка ээ Садыр Жапаровду алып келишти. Парламент укуктук талаага кайтканга Садыр Жапаровду премьер министрликке жана ал сунуш кылган министрлер кабинетин колдоп бергенге аргасыз болду. Ошого байланыштуу Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаровдун мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтып жатса керек.
Булак: "Майдан.kg" газетасы