Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган га Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
«Измир аймагында жер титирөө менен цунамиден кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп жазылат көңүл айтуу телеграммасында.
Булак: Баракелде