Печать
Категория: Коом
Просмотров: 90

 Свердлов райондук акимиатынын жыйындар залында социалдык тармактар боюнча жетекчинин орун басары Асел Садыкованын пландуу жолугушуусу өткөрүлүп, ага  райондук  кызматтардын, МАБдардын, билим берүү уюмдарынын, ҮМБлардын, ошондой эле райондун ишканаларынын жана чарбалык субъектилеринин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда,  жолугушууда райондогу эпидемиологиялык кырдаал, COVID-19 оорусун дарылоо  иш-аракеттеринин алгоритмдери талкууланды.

МАБдын  имараттарынын бириндеги ҮМБ дарыгерлер тобуна ПЦР  изилдөө үчүн мазок алууга бөлмө бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

COVID-19 боюнча тесттерди Свердлов районунун Калкты тейлөө борборунун, Мамлекеттик салык кызматынын, Дордой Плаза соода комплексинин, Аламүдүн базарынын, мечиттердин жана чиркөөлөрдүн кызматкерлери тапшырышат.

"Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Сиз күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номуру аркылуу колл-борборуна кайрылсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн 0554 182-185 номуруна жибериңиздер", - деп жазылган мэрия жөнөткөн маалыматта.