Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Мурдагы президенттердин тушундагы сот, прокуратура тармагындагы адилетсиздиктин, коррупциянын терең тамыр жайышынан пайдаланышып, бир тууган кайним, ЖК экс-депутаты Арсланбек Малиев прокуратура тармагында иштеп келген иниси Айбек Малиев менен бирдикте мага кордук көрсөтүп келе жатканына бир нече жыл болду.
Алгач “Чернобыль апаатына катышкан эмес, жалган документтер менен пенсия алып, дарыланып жүрөт”,- дешип, кылмыш ишин козготуп, мага бир миллион сом айып салдырып, алты жылга соттотуп жиберишти.
Мен Россия, Украина бийликтерине кайрылып, “Герой Чернобыля”, “ликвидатор Чернобыля”- деген расмий документтерди алдым. Малиевдер аларды прокуратура, сотторго каратпай коюшту. Муну менен токтоп калбай, андан кийин “жалган жалаа жапкан”- дешип, кийинки кылмыш ишин ачтырышып, өң-тааныштары аркылуу дагы соттоткону жатышат. Өткөн жылдары мен көптөгөн жетекчилерге кайрылдым. Бирок бирөө да кулак салбады. Акыркы жолу мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кабылдоосунда болдум. Ал: “Арсланбек Малиевге каршы чыга албайм”- деп ишимди кароодон баш тартты.
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Эгерде менин иштеримди толук каратып чыксаңыз, анда Кыргызстанда прокуратура, сот тармактары канчалык ирип-чиригенин, өң-тааныштыктын, коррупциянын сазына терең батканын кашкайган чындык, факт жүзүндө көрө алат элеңиз. Менин акыркы үмүтүм сизде калды.
Булак: "Майдан.kg" газетасы