Өлкөбүздө бийлик алмашып, айрым текшерүүчү мекемелерге жаңы жетекчилердин дайындалышы менен алар жаңыча иш жүргүзүшүп, көптөгөн көмүскө иштердин бети ачылууда. Мисалы, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финпол) мамлекеттик бюджетке 9 миллиард сомдук зыян келтирген коррупциялык схема аныкталганын кабарлады. Мекеменин 27-октябрдагы маалыматына караганда, бул схемага Социалдык фонддун жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү аралашкан деп шектелүүдө.
Финполдун маалымат кызматы билдиргендей, алар жогорку бийлик укуктарына ээ болуп туруп мыйзамсыз жана туруктуу байланыш түзүп, коомчулук менен мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч жараткан кен казуучу компаниялардын бирине артыкчылык шартын түзүп беришкен. Натыйжада ал компаниядан мамлекеттин бюджетине кошумча салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төлөмдөрү түшпөй калган.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Коррупция” деген 319-беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.
КРнын Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр С.Жапаровдун алгачкы кадамы да коррупцияга каршы күрөшүү менен башталып, өткөн жумада 29 жылдан бери эл менен мамлекетти мите курттай соруп келаткан коррупционерлерге жеп-ичкенин, декларациядан жашырган байлыгын казынага ыктыярдуу түрдө төгүүнү, эгер алар андай кадамга барышпаса, мыйзамдуу чаралар колдонуларын билдирип, жалпы элге кайрылуу жасаган.
Булак: "Майдан.kg" газетасы