4-октябрдагы ыпылас парламенттик шайлоонун арты тополоңго айланып, бир жигит өлүп, миңге жакын адам жаракат алып, Ак үй талкаланып, өрттөлдү. Шайлоо жокко чыгарылып, президент, өкмөт отставкага кетти. Бийлик талаш башталды. Эч ким эч кимге баш ийбей, эч ким эч кимдин бийлигин тааныгысы келбей, ызы-чуу уланып хаоско кирип бара жатып, эптеп өкмөттү бекитип, президенттин милдетин аткаруучуну дайындап, укуктук талаага кайтып киргенсидик эле.
Бирок дагы деле туруктуулук орнобой, басып алуулар уланып, саясый процесстердин мыйзам чегинде улануусу мүмкүн болбой, талаш тартыш уланып, парламенттик шайлоо артка жылып, “мыйзам бузулду”- деген күчтөр каршы чыгып, коом бөлүнүп, тиреш кайрадан күч алууда. Каршылашуунун анатомиясын анча аңдабаган көпчүлүктүн башы маң болуп турат. Ошого байланыштуу учурдагы саясый кырдаалды кеңенирээк талкуулоо максатында, белгилүү коомдук ишмер, саясат талдоочу Сабыр Муканбетовду кепке тартык.
- Сабыр байке, учурда коомчулуктун нааразылыгын туудурган негизги маселе бул, парламенттик шайлоонун кийинки жылдын жазына жылдырылышы, же 6-чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтүнүн узартылышынан улам болуп жаткандай. “Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоону мыйзам чегинде 20- декабрга дайындаган, так ошол мөөнөтүндө өтсүн, таркай турган парламент мыйзамды бузду, кайрадан укук талаасынан чыгып кеттик”- деп жатышат. Сиз кандай дейсиз, мыйзам бузулдубу? Кандай кылып мыйзам жолуна түшүшүбүз керек?
- Шайлоо комиссиясы кырдаалга жараша саясый чечим чыгарып өз билгенин кыла бере турган орган эмес. Ал мыйзам чегинде гана аракет кылышы керек. Буга чейин оң-тетири кетип, элдин кыжырын келтирип, нааразычылыктардын чыгышына себепкер болгону бар. Ошо жоопкерчилик буларды да ойлонтуп жатса керек. Туура иштегенге аракет кыла башташканы байкалат. Андыктан, БШКнын парламенттик шайлоону 20-декабрга дайындоо боюнча чечими туура, мыйзам ченемдүү чечим болду деп айтсак туура болот.
Бирок, тилеке каршы өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалдын таасиринен улам, БШКнын ошол мыйзамдуу чечимдерин аткаруу кыйынга турууда. Ак үй өрттөнүп, бири өлүп, миңи жарадар болуп, өкмөт, президент алмашып хаостон жаңы чыгып келе жатабыз.
Парламенттик шайлоого кошумча президенттик шайлоо өткөзүү, элдин нааразычылыгын, талабын аткаруу үчүн конституциялык реформа өткөрүү маселелери күн тартибине кошулду. Ошонун баарын кыска мөөнөттө ишке ашыруу физикалык жактан да мүмкүн эмес болуп калды.
Элдин нааразычылыгынын негизги себептерине жооп бербестен, формалдуу түрдө мыйзамды сактоону улантып кете берүү - маселени чечпестен, тетирисинче кырдаалды оорлоторуу айдан ачык болуп калды. Анткени ошол сактайбыз деген мыйзамдарыбыздын ичи ирип калган болуп атпайбы.
Анан ушундай шартта, кантип, эчтеке болбогонсуп, жипке тизгендей мыйзамдуу жол менен кете алабыз? Бир жагынан караганда, ооба мыйзам бузулду. Бул саясый чечим болду. Биз мажбур болдук. “Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу?”, дегендей, айлабыз кетип, аргабыз түгөнгөндөн ушуга барып атабыз. Бул элдик көтөрүлүштүн, революциянын “издержкалары”.
Биз эми силердин гезит менен бирге, негизинен, жалпак тил менен, карапайым көпчүлүк үчүн иштеп, жазып жүрөбүз да. Ошондуктан турмушка салыштырып айтсак да болот, мисалы, үйү өрттөнүп, атасы кетип калып, энеси сойкуланып ичип кеткен бала кантет? Ал көнгөн распорядогун сактап жашоосун улантып, түшкө чейин уктап, эркелеп, төшөктөн “кофе” деп кыйкыра алабы? Жок. Анткени үйү өрттөнүп кеткен. Жатаар жери да жок. Биздин мамлекеттин да үйү өрттөнүп кетпедиби. Көрүнгөн жерде жүрүшүп, эми башы-учун жыйып келатышат. Каршы болгондор, юристтер ошону эске алышы керек. Жөн эле көгөрө берген болбойт да.
Анүстүнө, декабрда парламенттик шайлоо өткөрүп, январда президенттик шайлоо өткөрүп, андан кийин референдум өткөзүп конституциялык реформа жасап, үч жолу “дүргүгөнгө”, ар бирине 500 млн сомдон ашык, баш аягы 1,5 млрд сомдон кем эмес каражат керек.
Анан жаңы конституция кабыл алгандан кийин ага ылайыктап кайрадан парламенттик, президенттик шайлоо өткөрүү маселеси келип чыгып, ага да кайрадан 1 млрд сом керек болот.
Ушундай кырдаалда, босогону 3%га, күрөнү 1000000 сомго түшүрүп, форма 2ни жойуп шайлоону өткөрө салуу, адилеттүү шайлоо талап кылып көтөрүлгөн элди да канагаттандырбайт да. Эл “Шайлоо кодексине” косметикалык ремонт кылып коюу менен тынчыбай турганы көрүнүп турат.
Коомчулук мыйзамдарды түп тамырынан өзгөртүп, адилеттүү, калыс шайлоого кепилдик бере тургандай мыйзамды талап кылып жатат. Ошондуктан, мен ойлойм, Конституция менен биргеликте Шайлоо кодекси да кеңири талкууланып, өзгөртүлүшү керек. Саясатчылар ойлогондой Конституцияны өзгөртүү менен эле иш бүтпөйт, шайлоо адилеттүүлүгүн камсыздап, эл ынанган мыйзам чыгаруу бийлигин шайлоо маселеси биринчи орунда турат.
- Садыр Жапаров декабрдын башында отставкага берип, президенттик шайлоого катышаарын жар салды. Укуктук жагы боюнча кайчы пикирлер айтылууда. Сиз кандай дейсиз?
- Башмыйзамда президенттин милдетин аткаруучу президенттик шайлоого катыша албастыгы так жазылган. Президент мөөнөтүнөн мурда кетсе ыйгарым укугу спикерге, ал аткара албаса, же баш тартса, анда ыйгарым укуктар премьер-министрге өтөт деп турат. Бизде так ошондой болду, спикер Канат Исаев баш тартып, Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр болуп турат. Премьер-министр президенттик шайлоого аттанса ордуна калтырган орун басарына өткөрө албайт. Анткени ал премьер эмес, ал премьердин милдетин аткаруучу.
Мыйзамда бийликти өйдөтөн ылдый өткөрүп берүү гана жазылып, кайра артка, ылдыйтан өйдө өткөрүү жазылбаптыр. Демек, “запрет” жок. Ошондуктан кайта спикерге өткөрүп берүүгө так кесе тоскоолдук жок. Садыр Жапаров ошону эске алуу менен президенттике ат салышаарын жарыя кылып жатат деген ойдомун.
- Спикердин мурда “отказ” бергендигин да, Канат Исаевдин да президенттике ат салышуу ойу бар болгондугу менен байланыштырууда. Ал дагы “отказ” бериши мүмкүн экендиги айтылууда. Бул жагы кандай болот?
- Бул маселени ЖК депутаттары чечиш керек. Чечсе болот. 28-октябрда парламенттин 5 жылдык мөөнөтү аяктайт. Жаңы парламент шайланып келип ишин баштаганга чейин таркашпайт дегени менен, кандайдыр бир деңгээлде легитимдүүлүктөрү күмөндүү болуп, активдүүлүктөрү төмөндөп, уюштуруу маселелери менен алектенгендери өөн көрүнүп калат. Ошондуктан маселени чечкилери келсе 28-октябрдан кечиктирбей жаңы спикер шайлап алгандары туура болот. Антпесе кайрадан саясый тупикке кептелебиз.
- Премьер-министрликтен отставкага кетүүсү кандай болот?
- Садыр Жапаров премьер-министрликтен отставкага кете албайт. Шайлоо алдында отставкага кеткенге мыйзам жол бербейт. Мыйзам боюнча премьер-министр отставкага кетпей эле, ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуп, биринчи орун басарына милдетин аткарууну табыштап шайлоого катыша берсе болот.
- Демек, бүгүн-эртен жаңы президенттин милдетин аткаруучусуна ээ болуп калышыбыз мүмкүн экен да?
- Бул жерде 28-октябрдан кечиктирилбестен президенттин милдетин аткаруучу болууга жарактуу спикер шайлануусу маанилүү. Өткөрүп алуучу болсо, шайлоо башталганда, керек убакта өткөрүп бере берсең болот да.
- Бүгүнчө ушуну менен токтотолу. Кийинки санда алдыдагы күтүлүп жаткан конституциялык реформа, Шайлоо кодесине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр, пропорционалдык, можаритардык, бир мандаттуу шайлоо, партиялык курулуш маселелерин талкуулайлык. Кандай дейсиз?
- Эки колум менен за! Бул бүгүнкү күндүн эң актуалдуу темасы. Элге айтыш керек. Эл билиш керек. Анда кийинки дүйшөмбүдө күтөбүз.
Кудай буйурса келебиз.
Булак: "Майдан.kg" газетасы