Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кечээ, 27-октябрда «Ала-Тоо 24» телеканалына маек берип жатып, Акылбек Жапаровду 3 күндөн бери таппай жатканын билдирди.
Анын айтымында, Акылбек Жапаров жумушка келбей жатат.
«Акылбек Жапаров менден кызмат сурап келген жок. Аны өзүм чакырдым. Премьер-министрликке шайланган күндүн эртеси каржы, экономика жагынан кеңеш сурайын деп чакыргам. Анткени 2 жолу депутат болуп иштешкенбиз, анын мүмкүнчүлүктөрүн, билимин билем. Социалдык тармактарда, эл арасында катуу талкуу болуп жаткан экен, Акылбек Жапаровду алып алыптыр, эскилерди жыйнап алыптыр дегендей. Акылбек Жапаров жанымда жүрсө эле ошол бойдон жанымда калат же мени ары бас, бери бас деп башкарып жатат деген кеп эмес. Албетте анын коррупциялык иши бар, аны эл да билет, мен да билем, ал боюнча сөзсүз жооп берет. Менин жанымда жүрсө эле жооп бербей калат же куткарылып калат экен деген, бул туура эмес түшүнүк.
3 күн мурунку теледебатын көрдүм. Темирлан Султанбеков деген жаш бала менен айтышып жатыптыр. Ошол жерде адепсиз сөздү айтканын мен өз кулагым менен уктум. Акылбек Жапаровду 3 күндөн бери издеп таппай жатам. Келе элек жумушка. Бүгүндөн баштап ал менин кеңешчим болбойт. Кандай билими бар болсо дагы жаш бала менен акыйнек айтышып, уят сөз сүйлөгөнү үчүн мен аны бүгүн кызматтан алам», - деди Жапаров.
Булак: Баракелде