Печать
Категория: Коом
Просмотров: 216

- Жусупжан агай, коомчулукта Камчыбек Ташиевдин Улуттук коопсуздук кызматына жетекчи болуп дайындалганын бири колдосо, бири сындап жатат. Ал ишенимди актай алабы?

-Камчыбек Ташиев Кыргызстандын ысык-суугуна чыдаган жана мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө алдыңкылардан болуп, өз салымын кошуп жүргөн жарандарыбыздын бири! Эң башкысы мамлекетибиздин патриоту! Менин оюмча Камчыбек иним ишенип берилген кызматтын өтөөсүнө чыгат. Чоң ишеним менен берилген кызматтын ажарын ачат деген ниеттемин! Көбүн эсе сырттан башбаккан жана каржыланган эл бузарларга чукул көңүлүн бурса керек деп ойлойм.

- Берген убадаларынын өтөөсүнө чыгып, коррупционерлер менен криминалга каршы күрөшкөнгө күчү жетеби?

 - Камчыбек иним эл ишенимин актоо үчүн коррупция менен күрөштү күчөтүп, криминал менен аёсуз күрөшөт. Ошондой эле элдин канын соргон коррупциянын түпкүрүндөгү күрөө тамырын кыркышы керек. Камчыбек Ташиев үчүн алдыда өтө чоң сыноо турат. Жаңы жумушунда ийгилик колдосун, кажыбас кайрат, эрк тилеймин жана этият болуусун каалайм.

Булак: "Майдан.kg" газетасы