Өзгөчө көп өлчөмдөгү пара алууга шектелип өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын (Финпол) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев кармалышты. Бул тууралуу 20-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Алар Финполдо аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу маселени оңунан чечип берүү убадасы менен жеке ишкерден акча алышкан деп шектелүүдө. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында Жазык кодексинин “пара алуу” деген 325-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү башталып, экөө тең 19-октябрда атайын кызматтын тергөө абагына камалышты. Буга чейинки маалыматтарга караганда, Кытайдан ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк эти боюнча кылмыш иши Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында 2018-жылы козголгон. Кийин бул ишке байланыштуу маалыматтарда 50 миң доллардык пара боюнча Жамгырчиев менен Калмуратовдун аты аталган болчу. Эмил Жамгырчиев Финполдо жетекчинин орун басары болуп 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин иштеген. Ал административдик башкаруу боюнча штабды жетектечү. Бактыбек Калмуратов өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп 2019-жылдын июнь айында дайындалып, ошол жылдын октябрь айында бошотулган. Өткөн жумада УКМКнын төрагалыгына Камчыбек Ташиев дайындалгандан жарым саат өтөр менен журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп, мындан ары өлкөбүздө коррупцияга чек коюларын, бандиттер менен “криматалыктар” ишкерлерге кысым көрсөтпөй, “Лимузиндер” менен 2-3 машинанын коштоосунда жүрбөй тургандыгын билдирген болчу. Айтор акыркы жумадагы ири чиновниктердин коррупция менен кармалышы Камчыбек Кыдыршаевичтин ошол убадаларынын аткарылып атышы деп түшүнсөк болчудай.
Булак: "Майдан.kg" газетасы