Печать
Категория: Коом
Просмотров: 258

Бул ири суммадагы акча карактоого катыштыгы бар делген шектүү милициянын колунда каза болуп калды. Маркумдун жакындары милицияны күнөөлөсө, милициядан, шектүү тез жардам кызматында өз өлүмү менен жүрөгү кармап көз жумганын айтууда. Маркум буга чейин да карактоо боюнча милициянын тизмесинде турган экен. Мындан 5 күн башта, 26 жаштагы Нурмухаммед Гайбалиев аттуу Ош облусунун Ноокат районун тургуну тез жардам кызматына жеткирилген учурда каза болгону тууралуу маалымат тараган. Анын жакындары Гайбалиевдин өлүмүнө милиция күнөөлүү деп чыгышты. Бирок милиция анын жүрөгү кармап, өзү каза болгонун айтууда. Анткен менен маркумдун жакындары сөөктөгү көгөргөн жерлер бар деп ишенбей, бир канча сүрөттөрдү көрсөтүштү. Милициянын маалыматы боюнча, маркум Гайбалиев Ошто ири каракчылыкка шектелип кармалган. Ал эми апасы уулунун ал кылмышка тиешеси жок экенин айтып коргоодо. Анткени кылмыш катталды делген күнү Нурмухаммед үйүндө болгон. Уулунун мындан 5 жыл мурун карактоого шектелип, милицияда каттоодо турганы менен, ошол учурдагы жасаган кылмышына өкүнүп жүргөнүн айтат. Милициядан билдиргендей, жоголгон ири суммадагы акчаны тоногондордун бири Ош шаарынан кармалып, шериги катары 26 жаштагы Ноокат районунун тургуну Гайбалиевди тергөөдөгү көрсөтмөсүндө билдирген. Аны кармоо учурунда шектүү күч түзүмүнүн кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөнүн Ош ОИИБ маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Ашырбаев билдирди. Учурда маркумдун кандай себеп менен каза болгондугун аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза иштеп жатат. Эгерде кармоо учурунда ашыкча күч колдонгон болсо, текшерүүнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен бул окуяга катышы бар кызматкерлерге карата юридикалык баа берилет жана тийиштүү чара көрүлөт.

Булак: "Майдан.kg" газетасы