Бүгүнкү күндө катардагы карапайым адамдан тартып, мамлекет башчыларыбызга чейин ойлонткон маселе – тышкы карызды төлөө экендиги бештен белгилүү. Анткени келерки жылдан тартып ал карызыбызды төлөй баштабасак, үстүнө кайра туум кошулуп, дүйнөлүк державага умтулуп аткан кошуна Кытай жерибизди тартып алышы да мүмкүн. Ким билет, ушул ой кыжаалат кылдыбы же башка да саясый себеби барбы, айтор ушул жумада Кыргызстандагы «Аялдар кеңеши», «Жоокерлердин энелери» коомдук бирикмелери тышкы карыздан кутулуш үчүн элден жапырт акча чогултуу жөнүндө демилге көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу алар 19-октябрда аталган уюмдардын атынан Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева баштаган аял-лидерлер маалымат жыйынында жар салышты. Депутаттын айтымында, бул демилге тышкы карыздан өз убагында кутулуу максатында көтөрүлүүдө. Карызды төлөөгө салым кошууну каалагандар үчүн атайын банктык эсеп ачылып, комиссия түзүлөт. Демилгечилер чогулган каражат негизинен Кыргызстандын Кытайга карызынан кутулууга багытталарын белгилешти. Мындай сунуштар өлкөдө бийлик алмашкандан бери социалдык тармактар аркылуу да айтылып жаткан. Кыргызстандын соңку эсептеги тышкы карызы 4 млрд. 106 миллион доллар. Анын 1 млрд. 775 миллиону Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына бересе экени айтылып келатат. Албетте, тышкы карыздан кандай да болсо кутулушубуз керек деңизчи. Бирок депутат Айнуру Алтыбаева баштаган айымдар ошол карызды кимдер алып, кайда жумшагандыгын тактап, жеп-ичкендер, мүшөккө салып, дарыяны кечип океандын ары жагына көтөрө качкандар болсо же алардын бул жакта ири бизнес, соода түйүн, ишканаларын мамлекетке өткөрүү, сатуу аркылуу карыздан кутулуу маселесин кошо көтөрүшсө жакшы болмок. Анткени бул жагы жеп-ичкенде шылуун-шумпай чиновниктер болуп, төлөгөнгө келгенде баягы эле чор тамандар болуп атпайбы...
Булак: "Майдан.kg" газетасы