Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын сунушу менен Түмөнбаев Турусбек Тогузбаевич «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин мурдагы директору Пирназаров Марат Түгөлбаевич өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Булак: Баракелде