Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңеш Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу токтомун жокко чыгарды.

Буга чейин отставкага кеткен президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Бишкек шаарынын аймагына 12-октябрдан 19-октябрга чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Аны Жогорку Кеңештин депутаттары 13-октябрда бир добуштан колдоп беришкен.

Ошондой эле борбор калаада саат 22:00дөн 05:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Булак: Баракелде