Бир айдан кийин өлкө башчысы 62 жашка толмок. Бирок Кыргызстандын мурдагы президенттериндей ал кызматынан 61 жашында кетип жатат.
Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда төрөлгөн. Өлкөнү 1994-жылдан 2005-жылга чейин башкарган.
Курманбек Бакиев 1949-жылы туулган. Президенттик креслого 2005-жылы 14-августта отурган. 2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда төңкөрүш болуп, өлкөдөн качууга аргасыз болгон.
Роза Отунбаева 1950-жылы 23-августта төрөлгөн. Апрель революциясынан кийин 2010-жылдын 3-июлунан 2011-жылдын 1-декабрына чейин убактылуу өкмөттү жетектеген.
Алмазбек Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда туулган. 2011-жылы президенттик шайлоону жеңген. 2017-жылы ыйгарым укуктары аяктаган соң кызматын тапшырган.
Кыргызстандын бардык 5 президенти кызматтарынан 61 жашта кетишкен.
Булак: Баракелде