Печать
Категория: Коом
Просмотров: 92

Чечим 8-октябрда кабыл алынды.

Өкүмгө ылайык Мырзакматов боюнча мурдагы инстанциялардагы чечимдер жокко чыгарылды. Материалдар жаңы кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүлдү.

М.Мырзакматовдун жактоочулары Жогорку сотко кассациялык даттануу менен кайрылышкан. Жактоочулар кылмыштын курамы жок болгондуктан ага карата актоо чечимин чыгарып, Ош шаардык соту менен Ош облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарууну суранышкан. Кассациялык даттанууларды кароо боюнча Жогорку соттун отуруму би нече жолу кийинкиге калтырылып келген.

М.Мырзакматов Ош шаардык соту тарабынан 2015-жылдын 22-июлунда Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыптуу деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга кесилген. Ош облустук сотунун 2015-жылдын 17-августтагы чечими менен шаардык соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Булак: Элгезит