Печать
Категория: Коом
Просмотров: 89

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жакынкы аралыкта чек арада калган кыргызстандыктар үчүн жашыл коридор уюштуруу пландалууда.

“Казакстан тарапка автобустар менен уюштурулган транзит үчүн Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик коридорду берүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Бул маселе боюнча Казакстан тараптан жооп күтүлүүдө” – деп айтылат маалыматта.

Элчилик ошондой эле, Оренбург облусунун жана Башкортостандын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Кыргызстандын жарандарына шарт түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

“Россия тарап кыргызстандыктарды жатаканаларда, балдар лагерлеринин аймактарында жайгаштырып, бекер камсыздап, чатыр лагерин түздү. Айрым жарандар мейманканаларга жана жатаканаларга жайгашышкан. Аларга акысыз тамак берилет. Мекендештерди мекенине жөнөтүү үчүн жеке транспорттук компаниялар менен автобустарды камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” – деп айтылат билдирүүдө.

Булак: Элгезит