Бишкек шаардык сотунун чечимине ылайык, «Вефа» соода борборунун имараты камакта кала берет. Бирок андагы ижарачыларга ишин улантууга уруксат берилди.
7-сентябрь күнү Биринчи Май райондук соту «Вефа» борборунун имаратын камакка коюп, «Аруу жылдыз» компаниясына борбордогу кыймылсыз мүлктү колдонууга тыюу салган. Буга нааразы болгон ижарачылар апелляциялык арыз менен Бишкек шаар сотуна кайрылышкан.
«Вефа» соода борборуна ээлик кылган «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коому түрк өкмөтүнө караштуу «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы менен үч жылдан бери соттошуп келет. Талаш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үчүнчү айлампада каралууда.
Түркиялык компания менен «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун талашына байланыштуу иш райондук, шаардык сотто каралган. Жогорку сотко эки жолу барып, кайра артка кайтарылган.
Булак: Элгезит