Тилекке каршы мындай окутуунун ыкмасы 1-сентябрдан тартып да улантылууда. Бирок билим берүнүн бул түрү окуучулардын өздөрүнө да, мугалимдер менен ата-энелерге да жакпай жаткандыгы көп айтылууда. Бул багытта “Юристы за права человека” коомдук фондунун демилгечил тобу мектеп окуучулардын онлайн билим алуу форматына өтүшүнүн психологиялык кесепеттерин изилдөө максатында “Аралыктан билим алуу: ноу-хау же билим берүнүн ажалы” темасын иликтеген. Ал үчүн юристтер менен психологдор Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 1192 атаэнеге сурамжылоо жүргүзүшкөн. Сурамжылоо ата-энелердин дээрлик 65 ы 2020-жылдын мартынан тарта аралыктан окуу маалында балдарына жинденишкен. Алардын ичинен айрымдары айласын таппай, кээде үй тапшырмасын аткарбай жана онлайн сабак учурунда тынч отурбай жалакайланган “балдарын урушуп, сабап да” койгон учурлары болгонун моюндашкан. Изилдөөнүн авторлору дал ушул маалда ачуулануу, коркуу, кыжырдануу жана көңүл калуу эмоциялары жогорулаганы катуу байкалганын жазышкан - ата-энелер психологдорго “Балдарды онлайн билим алууга кантип шыктандырыш керек?”- деген суроо менен көп кайрылышкан. “Психологиялык толкундоо жана жагымсыз жагдай менен коштолгон окутуу каалоону жоготкон процесске айланат - жооптордун 66,5 ы баланын каалоосу жок болуп, ал үй тапшырмасын аткаруудан баш тартканын айтып турат. Келечекте бул билим алуудан толугу менен баш тартууга жана ага карата көңүлдүн калуусуна алып келиши мүмкүн”, — деп айтылат изилдөөдө. Демек, абал туруктуу сакталса, экинчи чейректен тартып мектептер менен ЖОЖдор кадимкидей окууга өтпөсө, алардын билим деңгээли да төмөндөп кетери байкалууда.
Булак: Булак: "Майдан.kg" газетасы