Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев элге бир чындыкты жеткире түшүндүрүү зарылдыгын белгиледи. 

"Паспорттун көчүрмөсүн жыйнап, ким кайсы участкада экенин тактап, анан "кайсы партияга добуш бергениңерди текшеребиз"- деп коркутуу мүмкүн, бирок чынына келгенде кимдин кандай добуш бергенин эч ким көзөмөлдөп, текшере албайт. Ушул чындыкты кеңири түшүндүрүү зарыл", - деди Каптагаев.

Парламенттик шайлоого карата коомчулукта административдик ресурс колдонулса, ага баш ийбей кантип жеңип чыгуу керек деген суроо актуалдуу болуп турган учуру.