2020-жылдын 1-апрелинде милиция кызматкерлерине баш ийбей, уят сөздөр менен сөгүп,«Кыргыздар сасыксыңар, мырксыңар, койсуңар» деген кызды сот 3 жылга эркинен ажыратты.
1997-жылы туулган К.К аттуу Бишкек шаарынын тургунуна карата козголгон кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлдү.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен козголгон иш 341-беренесине (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) өзгөртүлүп, иш сотко өткөрүлүп, сот кызды күнөөлүү деп таап 3 жылга эркинен ажыратты.
Бирок соттолгон кызга амнистия колдонулуп, эркиндикке чыгарылды.
Элгезит