Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

«Биз ак ниет коңшу, стратегиялык өнөктөш катары Кыргызстандын мамлекет куруудагы ийгилигин жогору баалайбыз. Сиздин даанышман жетекчилигиңиз астында Кыргызстан бардык чакырыктарды, анын ичинде COVID-19 пандемиясын ишенимдүү жеңип чыгуу боюнча аракеттерин улантарына бекем ишенем.

Азыркы дүйнөдөгү кыйын кырдаалда эки боордош элдин өнүгүүсүндөгү мындан аркы прогресс көбүнесе тарыхый байланыштарыбызды жана өз ара жардамдашуубузду бекемдөөдөн көз каранды. Буга байланыштуу кыргыз-казак саясий, экономикалык жана гуманитардык диалогун кеңейтүүгө мындан ары да көмөктөшүүгө даярдыгымды тастыктайм.

Эки тараптуу өз ара кызматташууну толук кандуу ишке ашыруу ЕАЭБдин алкагындагы интеграцияга жана Борбор Азиядагы аймактык кооперацияга, биздин өлкөлөрүбүзгө да иш жүзүндө пайда алып келет», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековдун жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Булак: Баракелде