Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 27-августтагы онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 32 адам;
- Ош шаарында 1;
- Чүй облусунда 7;
- Ош облусунда 10;
- Талас облусунда 4;
- Нарын облусунда 5;
- Ысык-Көл облусунда 18;
- Жалал-Абад облусунда 16;
- Баткен облусунда 8.
Муну менен Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 менен чалдыккандардын жалпы саны 43 миң 459 адамга жетти.