Билими бар, бирок таанышы жок кадрлар, адистер үчүн мамлекеттик кызматтарга барып, кызматтык карьера жасоо мүмкүнчүлүгү ачылды.
Тагыраагы, 1-августтан тартып мамлекеттик жана муниципиалдык кызматка тандоонун жаңы тутуму ишке киргизилди. Эми ага ылайык, сынакка катышкандардын эң жогорку балл алганы гана бош кызмат орундарынажѳнѳтүлѳт. Президент С. Жээнбеков сынактардын жыйынтыктарынан күмѳн саноо болбошу үчүн ачык-айкын, таза ѳткѳрүү зарылдыгын айтты.
«Талапкерлер тийешелүү билимге, тажрыйбага ээ болсо, анда ал сѳзсүз жеңем деп сынакка ишенимдүү келгидей болушу керек», - деди ѳлкѳ башчысы.
Каалоо, ниет аракет жакшы, булл мезгилдин талабы. Бирок натыйжасы кандай болот? Президент булл маселени жеке кѳзѳмѳлүнѳ алып, сынактын коррупцияланышып кетүүсүнѳ жол бербеши зарыл. Болбосо, биздеги эң жакшы каалоо, саамалыктардын натыйжасы күткѳндѳй болбой калчу эле…
“Майдан. kg” гезити