Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

4-октябрда ѳтчү парламенттик шайлоого байланыштуу Борбордук Шайлоо Комиссиясы шайлоону ѳткѳрүү, добуш берүү маселелерине байланыштуу билдирүү таратты.

Ага ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү 4-сентябрда башталып, 3-октябрда кечки саат 8де токтотулат.

4-октябрда добуш берүүгѳ бара албагандар үчүн атайын кѳчмѳ добуш берүү жүргүзүлүп, алдын ала 4-октябрда добуш бере албаганын маалымдаган жарандар аймактык шайлоо комиссияларынын катышуусунда үйлѳрүндѳ добуш бере алышат.

Шайлоо күнү жарандар таңкы саат 8ден кечки 8ге чейин жергиликтүү шайлоо участокторуна келип, ѳз добуштарын бере алышат.

Ал эми талапкерлердин документтери БШК тарабынан  24-августка чейин кабыл алынып, каттоого алуу 3-сентябрда аяктайт.

“Майдан. kg” гезити