Дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адан Гебрейесус СOVID-19ду биротоло жок кылууга мүмкүн эместигин билдирди.
Анын айтымында, учурга карата илдетти жок кылуучу вакцина ойлоп табыла элек, келечекте да ойлоп табылуусу арсар. «Эффективдүү вакциналар ойлоп табылса да, ковидден биротоло арылууга мүмкүн болбойт. Азыр бир катар вакциналар сыноонун 3-этабынан ѳтүп атат», - деди.
Ошону менен бирге ДСУнун жетекчиси дүйнѳ ѳлкѳлѳрүнѳ кайрылып, ден соолукту кароо жаатында бардык талап, эрежелерди аткарууга чакырды. Анын белгилѳѳсүндѳ, беткаптарды тагынып жүрүү – тилектештиктин символуна айланышы керек.
“Майдан. kg” гезити