Кыргызстанда мугалимдер менен дарыгерлердин жетишпей тургандыгы кѳптѳн бери келаткан кѳйгѳйлүү маселелердин бири. Ак халатчандардын жетишпестигин да тез арада чечүү зарылдыгын пандемия кѳрсѳттү. Ал эми мугалимдердин жетишпестиги да билим берүү системасындагы эң башкы кѳйгѳйгѳ айланган. 2020-2021-окуу жылына карата 2 миң 250 мугалим жетишпейт экен. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, булл маселе ѳзгѳчѳ Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында курч бойдон кала берүүдѳ.  Облустар боюнча алсак, Чүй облусунда – 451, Жалал-Абад облусунда – 388, Бишкек шаарында – 380, Ош облусунда – 319, Баткенде – 265, Ысык-Кѳлдѳ – 175, Ош шаарында – 161, Таласта- 87, Нарында – 24 мугалим жетишпейт.

“Майдан. kg” гезити