Учурга карата Кыргызстандын стационарларында 7382 бейтап ковидден дарыланып жатат. Алардын 2356сы ковидди жуктургандар болсо, 5026 адам пневмония менен ооруп жаткандар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Дарыланып аткандардын кѳрсѳткүчүн облустар боюнча алганда, тѳмѳнкүдѳй:
Бишкек – 2752, Ош облусу – 1190, Чүйоблусу – 802, Ысык-Кѳл – 736, Жалал-Абад – 654, Ош – 539, Баткен – 397, Талас – 162, Нарын – 150.
Абалдын ѳнүгүү темпи жѳнүндѳ айта турган болсок, кырдаал оң жагына ѳзгѳрүүдѳ. Ооруну жуктургандардын, стационарлардын саны азайууда. Бейтаптардын жоктугунан бир канча стационарлар жабылды. Мындай тенденция дагы улана берери күтүлүүдѳ.
“Майдан. kg” гезити