Арашан ооруканасынын дарыгери Казиева маалымат каражаттарына өкмөт убада кылган төлөмдөр төлөнбөгөнүн билдирген. Анын маалыматы жарыялангандан кийин жетекчилик тарабынан кысымга алынып, жумуштан кетиребиз деген коркутууга дуушар болгонун да билдирген.
Коронавируска каршы күрөшүү Республикалык штабы дарыгердин кайрылуусуна төмөнкүдөй маалымат берди:
"Компенсациялык төлөмдөр КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган № 194 Токтомуна ылайык, очоктордо иштеген гана кызматкерлерге төлөнөт.
Арашан ЖДПБсынын очоктордо иштеген кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдү төлөө, мекеменин берген заявкасына ылайык жүргүзүлөт. 2020-жылдын май айынан бери Арашан ЖДПБсына берилген жалпы төлөмдөрдүн суммасы – 2500,8 миң сомду түздү.
Арашан ЖДПБсынын берген маалыматына ылайык, Таш-Дөбө айылындагы ҮДТнын кызматкерлери Калчаев Ф. жана Турумбекова А. гана 2020-жылдын апрель айынан июнь айына чейин COVID-19 вирусунун очокторуна чыгуу үчүн мобилдик бригаданын ишине тартылышкан. Аталган кызматкерлерге очоктордо (мобилдик бригадада) иштегендиги үчүн төмөнкү компенсациялык төлөмдөр берилген.
Жалпы төлөнгөн каражаттын суммасы:
Калчаев Ф.Г. – 44 760 сом;
Турумбекова А.К. – 55 900сом;
Казиева И.А. – 3120 сом (июль айына).
Таш-Дөбө айылындагы ҮДТда күндүзгү стационар 2020-жылдын 1 – июлунда ачылган. Ал убакта үй-бүлөлүк дарыгер Казиева И.А. эмгек өргүүсүндө болгон.
Бирок, медперсонал жетишпегендигине байланыштуу Казиева И.А. 2020-жылдын 10-июлундагы №54-11 буйругунун негизинде эмгек өргүүсүнөн чакырылган. Эки күн иштегенден кийин, Казиева И.А. сыркоолук баракчасы менен кетип, учурда дагы ооруп жатканы белгилүү. Эки күн иштегени үчүн дарыгерге 3120 сом акы төлөнгөн.
Эпидемия башталгандан бери, Таш-Дөбө айылындагы ҮДТнын кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары, дары-дармектер жана дезинфекциялык каражаттар менен толук камсыздалган.
Маалымат үчүн:
Компенсациялык төлөмдөр КР Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык төмөнкүдөй төлөнөт:
▫️ Карантиндик-казармалык режимде иштеп жаткан медиктерге төлөнөт. Алар тобокелдик зоналарда үйүнө барбастан иштеп жатышат;
▫️ COVID-19 вирусунун очокторуна барган, мобилдик топтордун медкызматкерлерине жана тез жардам кызматында иштегендерге.
Эпидизилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, комиссиянын чечими менен төмөнкүдөй төлөнөт:
▫️ Жумуш учурунда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган медкызматкерлерге компенсациянын өлчөмү - 200 миң сомду түзөт.
▪️Медкызматкерлер каза болгон учурда, анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилет. Компенсациянын өлчөмү 1 миллион сомду түзөт.
Мындан сырткары, төлөмдөр категорияга жараша жүргүзүлөт: дарыгерлердин, орто медперсоналдын жана кичи медперсоналдын акы төлөмдөрү айырмаланышы мүмкүн.