Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө кетчү чыгымдардын сметасын 446,9 миллион сом деп бекитти. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин республикалык бюджеттен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 732 миллион сом каралган.

Бул каражатка 2 462 шайлоо участкасы түзүлсө, анын ичинен 42си чет өлкөдө ачылат. Ар бир шайлоо комиссиясында 10-12ден адам иштеп, жалпысынан 30 833 кызматкер тартылат. Аларга эмгек акы төлөө каралган.

Мындан сырткары, добуш берүү башталганда күнү-түнү иштөөгө туура келгендиктен, Аймактык шайлоо комиссиясынын жана шайлоо участкаларынын мүчөлөрүнө, операторлорго (1846), ИИМдин кызматкерлерине (4680) тамак-ашка деп 500 сомдон берилет. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу үчүн 60 миллион сом сарпталат.

БШК билдиргендей, алдын-ала тизме боюнча өлкөдө 3 429 043 шайлоочу катталган. Бул 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодогу шайлоочуларга караганда 667 746 адамга көп.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Булак: Маралфм