- Мен карантин чындыгында эки түрдүү болорун түшүндүм.

Биринчиси, мамлекет тарабынан киргизилген карантин жана өзгөчө кырдаал режими. Мунун артында пропускалар, ресторан жана кинотеатрлардын жабылышы, массалык иш-чаралар, тойлорго, тажияларга тыюу салуулар, коомдук транспорттун токтошу, маска, санитайзерлер ж.б. бар. Жалпысынан айтканда, бул мамлекет тарабынан ар бир атуулдун коопсуздугу үчүн киргизилген чектөөлөр.

Экинчиси, бул – өз алдынча карантин. Бул да биринчи пунктта айтып өткөнүмдөй – массалык иш-чараларга катышпоо, тойлордон баш тартуу, маска тагынып жүрүү, санитайзерлерди тынымсыз колдонуу. Аралыкты сактоо.
Эми карантиндин бул эки түрүнүн айырмасы кандай?

Ойлоп көрсөм, айырмасы өтө чоң. Ошол эле маалда ал жөнөкөй эле нерсе. Айырмасы – ар бирибиздин өмүрүбүз мамлекетке таандык эмес. Жашообуз – ар бирибиздин өз колубузда. Сенин, менин, бир туугандардын.

Ошондуктан, карантиндин экинчи түрү биринчисине караганда өтө эффективдүү болоруна көзүм жетет. Себеби. Ал адамдардын эркиндигине негизделген! Ар бир адамдын жашоосу үчүн жоопкерчилигинин негизинде келип чыккан нерсе. Мэр же коменданттын каалоосу эмес. Баары жөпжөнөкөй, өзүңүздү сактаңыз!

Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу