Бул тууралуу 14-июлда онлайн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жайыл аймактык ооруканасында 2 бейтап — 58 жаштагы эркек адам менен 67 жаштагы аял киши көз жумган.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус оорусунан жалпы 149 адам каза тапты.
Ал эми, сутка ичинде пневмониядан 45 бейтап каза болду. Алардын ичинен 23 адам республика боюнча жана Бишкек шаарынан 22 адам.
Ошону менен март айынан тарта пневмониядан жалпы каза болгондордун саны 497 адамды түздү.