Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова  онлайн маалымат жыйында билдирди.

А.Акматованын айтымына караганда  Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 11 миң 538 адамга жетти.

Сутка ичинде COVID-19 оорусунан сакайып, 109 бейтап ооруканадан чыгарылды.

Республика боюнча  жалпы 3569 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Жаңы катталган учурлар:

  • Бишкек шаарында – 176;
  • Чүй облусунда - 87;
  • Ош шаарында - 58;
  • Ош облусунда - 6;
  • Жалал-Абад облусунда - 40;
  • Баткен облусунда - 21;
  • Ысык-Көл облусунда - 31;
  • Нарын облусунда - 1;
  • Талас облусунда - 1.