Печать
Категория: Коом
Просмотров: 258

"Мен пульмонолог эмесмин, мен нейрохирургмун, бирок баарын билем", - деген белгисиз дарыгердин видеосу соцтармакка тарады. Ал коронавирус инфекциясынан туура эмес дарылануу инфекцияны өпкөгө түшүрүп жиберүүгө өбөлгө болоорун айткан. 

"Бир аз эле оорунун белгилери пайда болсо, чуркап барып томографияга түшпөгүлө, анын баасы кымбат. Жыт билбей, даам сезбей калды дегиче бирөөдөн угуп алып эле томографияга түшкөндөрдү көрүп жүрөм. Жыт билбей, даам сезбей калуу жүз пайыз коронавирус экени чындык, бирок инфекция ылдыйлашып кетпесе өпкө таза чыгат. Ошондуктан дарыгерге текшерилип, ал томографияга түшүү керек деп көрсөтмө бермейинче түшүүнүн кереги жок. Анын үстүнө бир гана томография эмес, ренген да көрөт. Кээ бирлер коронавируска чалдыгып калганын башкаларга айтпай жашырышат экен, мунун уяты жок, жыныстык жол менен жугуучу оору эмес. Анан да дене табы 37ге чыгаары менен дары ичип ылдыйлатууга аракеттенгендер бар. Бул организмдин өз алдынча күрөшүн жайлатат, 38,5ке чейин дары ичпеңиздер", - деген дарыгер илдетти жуктуруп албоо үчүн беткаптын ичине марли салып, ага спирттен чачып, ар эки саатта ошондон дем алып туруу керектигин белгилеген.