Журналист Семетей Талас уулу мурдагы президент Роза Отунбаева Ынтымак конушундагы стационарга акчалай жардам бергенин билдирди.
"Ишемби күнү, эртең менен экс-президент Роза Отунбаева эжебиз чалып, "Семетей, жакшы иш кылып атасыңар, мен дагы силердин стационарга тыйын котороюн" деди эле. Бүгүн болсо, Роза Исаковна 154800 сом Ынтымак конушунда ачылган оорукана тибиндеги стационарга которуп жибериптир. Роза эже, Сизден Алла Таалам ыраазы болсун", - деп жазды журналист.
